Archive of Issues
Authors having problems with submissions please notify editor: editor@hvt-journal.com
Upcoming discussions, debates

On sweet undeniable feeling of power of international intellectual feudalism, bias, discrimination, censoring and theft

 

Athletic heart adaptation, pathological hypertrophy and sudden cardiac death

DOI: 10.24969/hvt.2020.199

 

Спортчу журогу адаптациясы, патологиялык гипертрофия жана кутулбогон журок олуму

Аннотация

Жүрөктүн гипертрофиясы узак убакыт бою илимий изилдөөлөрдүн эң кызыктуу темасы бойдон калууда, анткени ал жүрөктөгү структуралык жана функциялык өзгөрүүлөрдөн улам патофизиологиялык жана клиникалык көйгөйлөрдү жаратат. Бул жагдай, өлүмгө алып келген себептердин ичинен жүрөк-кан тамыр ооруларынын басымдуулугу менен байланыштуу. Учурдагы маалыматтарга таянсак, спортчулардагы жүрөктүн гипертрофиясынын "кооптонтондурбас" мүнөзү толугу менен кабыл алынбай калды. Визуализация ыкмаларынын жана аныктоо куралдарынын өнүгүшү спортчу гипертрофиясынын илимий жана клиникалык көз караштарын интеграциялоого олуттуу салымын кошту. Негизинен патологиялык гипертрофия жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам келип чыгышы, ал эми спортчунун жүрөгү узак убакыт бою жасалып келген физикалык көнүгүү натыйжасы катары кабыл алынып келген. Акыркы маалыматтарга ылайык, физиологиялык жана патологиялык формалардын ортосунда гипертрофиянын боз зонасы пайда болду, бул андан аркы ири изилдөөлөрдү талап кылат. Спорттук кардиологияда пайда болгон чоң көйгөйлөр - элиталык спортчуларда ашыкча машыгуу жана допинг колдонуу. Бул жагдайлар маладаптациялык жүрөк гипертрофиясы жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын келип чыгуу коркунучу менен коштолот. Мындан тышкары, спортчуларда, озгочо такталган же билинбеген журок-кан тамыр оорулары болгон жарышуучуларда  аз кыймылдуу индивиддерге салыштырмалуу күтүлбөгөн жүрөк өлүмүнүн кеңири таралышы спорттук жүрөк синдромун кылдат изилдөөнү талап кылат. Жүрөк гипертрофиясынын калыптанышы, түрдүүлүгү жана оордугу коптон-коп спорт бутагынан жана машыгуу режиминен коз каранды. Когорттук изилдөөлөр спортсмендер менен аз кыймылдуу субъектилердин жана жүрөк оорулууларынын ортосунда жүрөк-кан тамыр системасынын көрсөткүчтөрү аркылуу жашап калуу айырмачылыктарын көрсөткөндө, көйгөйдүн мааниси көбүрөөк ортого чкты. Бул серепте биз спорттук жүрөк синдромуна байланыштуу учурдагы физиологиялык жана клиникалык көз караштарды, анын аз кыймылдуу адамдардагы кардиологиялык өзгөрүүлөрдөн жана патологиялык гипертрофиядан айырмачылыктары, ошондой эле анын күтүлбөгөн жүрөк өлүмү менен байланышы тууралуу кеп кылдык.

Ачкыч сөздөр: спортчу жүрөгу, патологиялык гипертрофия, маладаптивдуу гипертрофия, күтүлбөгөн жүрөк өлүмү, жүрөк-кан тамыр визуализациясы, ашыкча машыгуу