Archive of Issues
Authors having problems with submissions please notify editor: editor@hvt-journal.com
Upcoming discussions, debates

On sweet undeniable feeling of power of international intellectual feudalism, bias, discrimination, censoring and theft

 

Relationship of preoperative NT-pro BNP with clinical, perioperative and prognostic markers in cardiac surgery: Preliminary study results

DOI: 10.24969/hvt.2020.205

 

Операцияга чейинки NT-proBNP жана журок операциясынын клиникалык, периоперативдик жана прогноздук маркерлеринин өз ара байланышы: алдын-ала изилдөө жыйынтыктары

Ахмедова И.А.1, Кудайбердиев Т.З.1, Абибиллаев Д.А.1, Жоошев А.А.1, Зарипов Д.Э.1, Тилеманбетова К.Т.1, Найзабекова Г.Н.1

1Жүрөк Хирургиясы жана Орган Алмаштыруу Илим-Изилдөө Институту

Korutundu

Максат: Биз кунумдук кардиохирургилык практикада балдарда жана чон бейтаптарда операцияга чейинки NT про-BNP денгээлинин клиникалык, операциялык параметрлер, хирургиялык натыйжалар жана кабылдануулар менен болгон байланышын аныктайбыз. Мындан тышкары, журогуно операция жасалган чоң кишилерде NT про-BNP жана EuroSCORE II ортосундагы байланышты талдайбыз.

Усулдар: Изилдөө биздин мекемеде жүрөк хирургиясынан өткөн 48 бейтапты камтыды. Жаш курагына байланыштуу, балдар (PG, n = 20) жана чондор (AG, n = 28) бейтап тайпалары өзүнчө анализденди. Ар бир топ NT про-BNP босого маанилеринин негизинде (чоңдор жана балдарда 430 жана 250 пг / мл) өз ичинде эки топко бөлүндү (1 жана 2-топ). Операциядан мурун NT про-BP бейтаптардан алынды. NT про-BNP топторунун ортосундагы клиникалык жана периоперативдик өзгөрмөлөрдүн айырмачылыктарын жана анализдин баштапкы клиникалык жана операциялык параметрлер, ошондой эле операциядан кийинки жыйынтыктар менен болгон байланышын аныктоо үчүн статистикалык тесттер жүргүзүлдү.

Натыйжалар: Жүрөк операциясы жасалган чоң кишилерде, NYHA класстары (I - III, p˂0.001), дене салмагынын индекси (BMI, (31.7 (3.15) каршы 25.9 (3.8) кг / см2, p = 0.017) боюнча NT про-BNP тайпалары ортосунда статистикалык жактан олуттуу айырмачылыктар байкалды. Ошондой эле  болжолдуу гломерулярдык чыпкалоо ылдамдыгы (eGFR) (111.4 (26.4) / 77.9 (22.4) мл/мин/1,73 м2 p = 0.036)  бөйрөк функциясынын бузулуу категориясы (72% га каршы 20%, p = 0.049), инотроптук препараттарга болгон муктаждык (86.7% га карата 28.6%, p = 0.006) жана EuroSCORE II орточо мааниси (0,71 (0,19) 1,7 (0,5) каршы, p = 0.008) да орчундуу натыйжалар корулду. NT про-BNP деңгээли менен EuroSCORE II, NYHA классы, инотропторго муктаждык, бөйрөк функциясы жана сол карынчанын функционалдык категориялары (LV) он корреляция, ал эми BMI, LVEF жана GFRe параметрлери менен терс корреляция табылган. Балдар тайпасында (PG) NT про-BNP жаш, дененин беттик аянты (BSA), сол карынчанын акыркы диастолдук жана акыркы систолалык өлчөмдөрү менен терс корреляцияда байланышкан.

Ачкыч сөздөр: журок хирургиясы операциялары, жүрөк жетишсиздиги, NTpro-BNP, корреляция, прогноз, хирургиялык риск, хирургиянын натыйжалары, операциядан кийинки алгачкы кабылдануулар, EuroSCORE II, бөйрөк жетишсиздиги